• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Эмгек министри медициналык-соцэксперттик комиссияны күтүүсүздөн текшерип барды

Коом 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында райондор аралык медициналык-социалдык эксперттик комиссияга (МСЭК) күтүүсүздөн барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызмтынан билдиришти.

Баатыровдун айтымында, министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнө мындай күтүүсүз баруу алардын иши менен жеринде таанышуу максатында жасалууда. Министр жергиликтүү комиссиянын иши мыйзам чегинде жүргүзүлүп жаткандыгына ынанды.

Райондук (райондор аралык жана шаардык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар жарандардын убактылуу жана туруктуу эмгекке жарамсыздыгына медициналык-социалдык экспертиза жүргүзөт, майыптуулуктун бар экендигин белгилейт, майыптыктын тобун, келип чыгуу себептерин, мөөнөттөрүн жана убактысын аныктайт.

"Мамлекеттик акселераторлор программасын ишке ашыруунун алкагында медициналык-социалдык эксперттик комиссияда жарандарды экспертизага жөнөтүү, майыптык фактысын аныктоо процессин автоматташтыруу иштери жүргүзүлдү. Буга чейин жарандар 16 справка чогултушу керек болчу. Бүгүн биз бирөөнү гана калтырдык – бул жарандын амбулатордук картасы", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий