• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Эмгек министри сэндвич чыгарган ишканага энелерди ишке орноштуруу боюнча чараларды сунуштады

Коом 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова "Снэк Фудс" ишканасында болуп, жаштардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү талкуулады.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, заводдо кыска мөөнөттө сакталуучу нан азыктары чыгарылат.

Директор Бакай Орумбаев Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгынын алкагында "Снэк Фудс" ("Тойбосс сэндвичтери") заводун ишке киргизүү өлкөнүн жана бардык аймактардын тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болгонун маалымдады. Азыркы учурда ишканада дээрлик 300гө жакын жумуш орду түзүлдү жана кызматкерлердин орточо айлык акысы 50 миң сомду түзөт.

Жылдыз Полотова ишканага болгон жумушчу сапарынын алкагында жумушчулар үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөнүнө күбө болду. Заводдо жумушчуларга эки маал акысыз тамак берилет.

"Эне жана бала бөлмөсүн түзсө, балалуу жаш келиндер да сиздердин ишканаңызга жумушка орношмок. Аялдар акча таап, балдары бала кароочунун көзөмөлүндө болмок.

Бул бир жагынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болсо, экинчи жагынан ишкананы кадрлар менен камсыз кылып, жумуш орундарын толук толтурмак.

Анткени, бала багуу менен үйдө отурган жаш аялдар аз эмес. Иш берүүчүлөрдүн социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу маселелерин параллелдүү илгерилетүү да маанилүү", - деди министр.

Тараптар министрлик аркылуу кийин ишканага ишке орноштуруу менен кадрларды даярдоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Бүгүнкү күндө ишканада 20 бош жумуш орун бар.

Пикир

Оставить комментарий