• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

ӨКМ: Абанын температурасынын жогорулашы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 22-июнь /Кабар/. 2017-жылдын 21-25-июнунда абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлөт. Буга байланыштуу суу жээктерин жууп кетүү жана дарыялардын нугуна жакын аймактарындагы жайылма тилкелерди суу каптоосу ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, 23-25-июнунда туруксуз аба ырайы күтүлөт. 23-июнда күндүз кээ бир райондордо, 24-25-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. 24-25-июнда абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КРнын ӨКМнин 2017-жылдын 21-июнь күнү №02-34/434-Т телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жеткирилген жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий