• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

4-февралга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 4-февралга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 4-февралда күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында 0...+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +3...+8, Ысык-Көл облусунда -1...+4, Нарын облусунда -3...-8 градус суук болору күтүлөт.

Бишкек шаарында +2...+4 абанынан температурасы градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий