Эмгек министрлиги: Бишкектеги карылар үйүнүн айрым кызмат алуучулары башка жакка которулат

Коом 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн Нижне-Серафимовкадагы карылар үйүнө убактылуу кошумча 30 орун уюштурду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чара Бишкек ЖЭБде катталган аварияга байланыштуу экендиги айтылат.

"ЖЭБдеги штаттык эмес кырдаалдан улам Бишкек шаардык карылар жатак үйүнүн кызмат алуучуларынын бир бөлүгүн убактылуу жайгаштыруу максатында ишке ашырылды", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Алдын ала маалыматка караганда, беш адам жабыркап, ооруканага түштү.

Аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди көрүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, энергетика министри Таалайбек Ибраев жумушчу сапарларын үзгүлтүккө учуратып, Бишкек ЖЭБне келишти.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Ал жакка барганында мамлекет башчысына Жылуулук электр борборунун толук кандуу ишинин бузулушуна алып келген штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.

Пикир

Оставить комментарий