• 87
  • 89.77
  • 0.79

Эмгек министрлиги: Кыргызстанда 11-январь жумуш күнү

Коом 0

Бишкек, 08.01.25. /Кабар/. Кыргызстанда 11-январь, ишемби жумуш күнү деп эсептелет.

Эмгек министрлигинен билдиришкендей, бул чечим дем алыш жана майрам күндөрүн натыйжалуу пайдаланууга багытталган.

3-январдагы эс алуу күнү үчүн 24-февралда, 6-январдагы эс алуу күнү үчүн 10-мартта иштөөгө туура келет.

Белгилей кетсек, КР жаңы Эмгек кодексин кабыл алуу менен майрам күндөрүн жылдыруу практикасын алып салуу пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий