• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

«Коопсуздук-2021» жана «Калыптоо-2021» машыгууларына даярдыктар жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. КР Коргоо министрлиги Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында 2021-жылдын 1-апрелинен 3-апрелине чейин өтүүчү “Коопсуздук-2021” жана “Калыптоо-2021” биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгууларга даярдыкты улантууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн аскердик техникаларда машыгуу башталды. Биргелешкен аракеттердин жүрүшүндө өздүк курам күжүрмөн абалдагы шарттарга багытталып коюлган күжүрмөн тапшырманы аткаруу үчүн аскер бөлүктөрдүн кошуундарынын курамында макулдашылган аракеттерди иштеп чыгууда.

Аталган маневрлардын темасы - Республиканын айрым аймактарында аскердик абалды жана өзгөчө кырдаал киргизилген шарттарда аскердик органдардын, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштери жана аскердик түзүмдөрдүн практикалык мобилизациялоосу жана курчутулган кырдаалда күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу болуп саналат.

Машыгууга 2 миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобилдер, брондолгон жана атайын техникалар, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле 10дой авиациялык техника тартылат.

Буга чейин КР коргоо министри Таалайбек Өмүралиев түштүк регионуна болгон ыкчам-талаа иш сапарында командалык пункттардын жайгашуусу, дайындалган аскерлердин колдонулуусу, окуу-материалдык базасы жана алдыдагы машыгууларды ар тараптуу камсыздоосу менен таанышып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий