• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Эмгек министрлигинде эмгек миграциясын башкаруу маселелери талкууланды

Коом 0

Бишкек, 29.08.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Борбор Азиядагы миграция боюнча аймактык кеңешчи жана Швейцария каржылаган регионалдык программанын жетекчиси Урсулла Келлер менен эмгек миграциясын башкаруу маселелерин талкуулады.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууга Швейцария Конфедерациясынын атайын ыйгарым укуктуу элчиси Оливье Бунгертер, миграция боюнча эл аралык уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Бермет Молдобаева катышты.

Жолугушуунун максаты эмгек миграциясын башкарууну жакшыртууга жана аймактын экономикалык өнүгүүсүн күчөтүүгө багытталган Борбор Азиядагы эмгек миграциясын башкаруу программасынын алкагындагы биргелешкен иш-аракет болду.

"Бүгүнкү күндө мигранттардын көпчүлүгү социалдык тармактарды жана тааныштарынын маалыматтарын эмгек миграциясын пландаштыруу үчүн колдонушат. Ишке орноштуруунун расмий эмес каналдары формалдуу эмес ишке тартууга өбөлгө түзөт жана ишке орноштурууда да, эмгек процессинде да кыянаттык менен пайдалануу тобокелдиктерин көбөйтөт", - деп белгиледи Жылдыз Полотова.

Министр маалымдагандай, 2026-жылдын май айына чейин бүткүл республика боюнча эмгек миграциясын башкаруу программасынын алкагында изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.

"Бул убакыттын ичинде биз эмгекчилердин жана кайтып келген мигранттардын географиялык бөлүштүрүлүшү, миграциянын себептери, кайтып келген өлкөлөр жана миграция мезгилдери жөнүндө маалыматтарды байкоо максатында Кыргызстандагы мобилдүүлүккө базалык баа берүүнүн эки раундун өткөрүп жатабыз.

Бул бизге ресурстарды максималдуу пайдаланууга, артыкчылыктарды аныктоого жана калктын мобилдүүлүгүн эске алган фактыларга негизделген максаттуу жана туруктуу өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга мүмкүндүк берди", - деп баса белгиледи ал.

Эмгек министри Урсулла Келлердин эмгек мигранттарынын реинтеграциясы тууралуу суроолоруна жооп берип жатып, өлкөдө жумуш орундары да, ишкердик мүмкүнчүлүктөр да түзүлүп жатканын белгиледи.

"Министрлер кабинетинин тапшырмасынын алкагында жылдын аягына чейин 250 миң жумушчу орун түзүлөт, анын ичинен 38 миңи – Эмгек министрлиги аркылуу. Ар бир район боюнча бош орундар боюнча "Ишеним телефону" ачылды. Министрлик 125 кесип боюнча акысыз кесиптик билим алууга жана квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет, акы төлөнүүчү жаштар стажировкасына өтүүгө мүмкүнчүлүк бар. 2022-жылдан бери "Социалдык контракт" программасынын алкагында 22 миңден ашуун аз камсыз болгон үй - бүлө өз бизнесин баштады", - деп түшүндүрдү Жылдыз Полотова.

Пикир

Оставить комментарий