• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Сфера» кафесине санитардык эрежелерди сактабагандыгы үчүн айып салынды

Коом 0

Бишкек, 14-апрель /Кабар/. Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы 27-марттагы пландык текшерүүнүн жүрүшүндө “Сфера” кафесинде санитардык эрежелерди бузуу фактысын аныктады.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдиргендей, кафенин жетекчилигине белгиленген мөөнөттө бузууларды четтетүү боюнча эскертме берилген. 11-апрелдеги кайра текшерүүдө бузуулар четтетилбегендиги аныкталган. Буга байланыштуу КРнын административдик Кодексинин “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” 205/1-беренесинин негизинде 2017-жылдын 11-апрелинде 7 мин сом өлчөмүндө айып салуу тууралуу №16 Токтом чыккан.

Пикир

Оставить комментарий