• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстан менен Катар парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүшмөкчү

Саясат 0

Бишкек, 14-апрель /Кабар/. Доха шаарында КРнын Катар мамлекетиндеги Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчиси Нуран Ниязалиев кечээ Катар мамлекетинин парламентинин спикеринин орун басары Исса бин Рабия Аль Кувари менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинин бама сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө элчи КРнын саясий, соода-экономикалык жана маданий чөйрөдө Катар мамлекети менен кызматташтыгынын учурдагы деңгээли жана келечеги тууралуу айтып берди. Ал КР Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгү, парламенттик демократияны бекемдөө, мамлекеттин бүгүнкү жашоосундагы парламенттин ролу тууралуу маалымат берди. Парламенттер аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеген элчи делегациялардын сапарын уюштуруу жолу менен эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы мамилени өнүктүрүүнү сунуштады, бул соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык байланыштардын кеңейшинин камсыздайт.

Өз кезегинде Катар парламентинин спикеринин орун басары Исса бин Рабия Аль Кувари маалымат бергени үчүн ыраазычылык билдирип, Катар менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүнүн зарылдыгын колдоду. Ал Катар мамлекетинин парламенти менен КРнын Жогорку Кеңешинин ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү жана делегациялар менен алмашууну жакшыртууга даяр экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий