• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Эми Tunduk тиркемесинде КТБнын бардык кызматтары жеткиликтүү болду

Коом 0

Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Tunduk мобилдик тиркемесинде "Калкты тейлөө борборлору" жаңы бөлүмү пайда болду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул бөлүм КТБлардын бардык кызматтарын бириктирип, жарандарга КТБга баруунун зарылдыгын жокко чыгарып, онлайн режимде керектүү кызматтарды оңой табууга жана пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.

Сиз бөлүмдүн жардамы менен төмөнкү эң көп талап кылынган кызматтарды пайдалана аласыз:

  • КТБга онлайн жазылуу - КТБга барууда өзүңүзгө ылайыктуу убакытты тандап, кезектерден арылыңыз;
  • каттоо - эгер сиз турак-жайдын ээси болсоңуз башка жарандарды, алардын ичинде балдарды, онлайн режиминде каттай аласыз;
  • ID-паспортту алмаштыруу - КТБга барбастан паспортту алмаштырууга арыз тапшырыңыз;
  • ЖААК документтерин санариптештирүү - жарандык абалдын актыларын санариптештирүүгө арыз тапшырыңыз (туулгандыгы тууралуу, нике жана башкалар);
  • катталган жарандар тууралуу маалымкат - өзүнүздүн дарегиңиз боюнча канча адам катталгандыгын билиңиз;
  • күбөлүктү кайра алуу - онлайн режимде жарандык абалдын актыларынын документтерин өзгөртө аласыз;
  • жарандык абалдын актыларынын көчүрмөсү - актылардын ичинен туулгандыгы тууралуу, нике, ажырашуу жана башка документтердин көчүрмөсүн алыңыз.

Пикир

Оставить комментарий