• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте салыктык эмес кирешелерди көбөйтүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 02.08.23. /Кабар/. Мэр Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын салыктык эмес кирешелерин көбөйтүү боюнча шаардык штаб өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга мэрдин орун басарлары, Ленин, Биринчи май, Свердлов, Октябрь райондук администрацияларынын башчылары жана башка тиешелүү кызматтардын жетекчилери катышты.

Жыйында мэр жыл аягына чейин салыктык эмес кирешелер боюнча пландык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыздоону мэрдин биринчи орун басары Мирлан Байгончоковго жана мэрдин муниципалдык менчик, жер пайдалануу жана архитектура боюнча орун басары Нурдан Орунтаевге тапшырды.

Ошондой эле мэрдин муниципалдык менчик, жер пайдалануу жана архитектура боюнча орун басарына салыктык эмес кирешелердин планы аткарылбаган учурда жеке жоопкерчилик эскертилди.

Жыйындын жүрүшүндө Эмилбек Абдыкадыров Бишкектин каржы башкармалыгына киреше бөлүгүндө сатылган активдердин көлөмүн эске алууну тапшырды.

Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги “Санариптик технологиялар борбору” ишканасы менен биргеликте муниципалдык мүлк жөнүндө маалыматтарды калк арасында ачык-айкын жайылтуу боюнча иш жүргүзүүсү керек.

Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти "Бишкекбашкыархитектура" ишканасы менен биргеликте LED экрандарды орнотуу боюнча иштерди күчөтөт.

Мындан тышкары, Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине райондор боюнча муниципалдык администрацияларга деталдуу, анын ичинде карызкорлор боюнча тизмелерди берүүсү, ал эми муниципалдык администрациялар өз деңгээлинде карызкорлор боюнча, ошондой эле эсепке алынбагандарды издөө боюнча иш жүргүзүүсү тапшырылды. Ошондой эле эсепке алынбаган потенциалдуу ижарачыларды издөө зарылдыгы да белгиленди.

Ички аудит бөлүмүнө "Бишкекасфальтсервис" ишканасына жол куруу баасын текшерүү боюнча комиссия түзүү тапшырылды.

Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигине унаа токтотуучу жайлар боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашырууну тездетүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий