Эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу Калкты тейлөө борборлоруна онлайн жазылуу мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. “Түндүк” мобилдик тиркемесинде жаңы кызмат - калкты тейлөө борборлоруна онлайн кезекке туруу кызматы ишке кирди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.

Белгиленгендей, эми “Түндүк” мобилдик тиркемесинин колдонуучулары республика боюнча бардык Калкты тейлөө борборлоруна каалаган убакытка алдын ала онлайн жазыла алышат. Бул узун кезектердин алдын алып, убакытты үнөмдөйт.

Бул инновация “Инфоком” мамлекеттик ишкана тарабынан иштелип чыккан жана “Түндүк” мамлекеттик мекеме менен биргеликте ишке ашырылган.

"Калкты тейлөө борборлорундагы электрондук онлайн кезекке туруу кызматы санариптештирүүгө жана жарандарды тейлөө сапатын жакшыртууга карай жасалган кадамдардын бири. Мамлекет жаңы ыңгайлуу сервистерди өнүктүрүү жана киргизүү боюнча иштерди улантууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий