• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Эмки жылы Кемин "жашыл" шаарынын курулушу башталат – Садыр Жапаров

Коом 0

Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. Келерки жылы Кемин шаарынын курулушу башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясында билдирди.

Өлкө башчысы белгилегендей, "Неом" (Аравия), "Масдар-Сити" (Эмираттар), "Вестерн-Харбор" (Швеция), "Солнечная долина" (Кытай) сыяктуу туруктуу өнүгүүгө багытталган "акылдуу шаар" долбоорлору ишке ашырылып, ийгиликтүү өнүгүүдө. Бул өлкөлөрдүн курулуш долбоорлору Кыргызстанга да үлгү болду.

“Биз быйыл Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап жана инновациялык "Асман" шаарын курууну баштадык. Келерки жылы Кемин шаарын куруп баштайбыз. Биз "жашыл" шаарларды курууга умтулабыз, алар биздин өлкөнүн башка аймактарына үлгү болуп, келечек муундар үчүн таза жаратылышты сактоого көмөктөшөт. Ошондой эле, менин ишенимим күч, аталган шаар экономикалык, соода, маданий-туристтик хаб болуп, инновациялар жана жаңы технологиялардын борбору болот”, - деди мамлекет башчысы.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров электромобилдерди колдонууну стимулдаштыруу жана имараттардын энергия натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча активдүү чаралар көрүлүп жатканын айтты.

“Кыргызстан экономиканын ар кандай тармактарында кайра жаралуучу энергия булактарын интеграциялоо, электр унаа инфраструктурасын өнүктүрүү, туруктуу айыл чарбасы жана экотуризмди өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ”, - деп белгиледи президент.

Пикир

Оставить комментарий