Кыргызстандын бешинчи Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун саясий портретине беш аргумент
Эмне үчүн?...
Биринчи аргумент
Орустун улуу жазуучусу, ойчулу Михаил Достоевский кезегинде “Адам качан бактылуу жашайт?” деген суроого, “Жер жүзүнөн акыркы саясатчы жексен болуп, жоголгондо...” деп жооп берген дешет. Классик жазуучу эмне үчүн саясатка мынчалык кескин көз карашын билдирген, адамдын бактысына тоскоолдук көрсөтүп, анын бактысын кыйып турган чындап эле саясатпы? Анын көп түркүмдөн турган күндөлүгүндө... “Адам Улуу топон жүрүп жатса да, адам бойдон калыш керек, а балким ошол апааттан аны сактап калуунун бирден бир себеби да – Адамдыгы чыгаар...” деген бир ыйык сөз, ыйык түшүнүк бар. Саясаттын эң татаал искусствосу да адам бойдон калууда болуп жүрбөсүн?..
Азыркы саясат айдыңындагы арааны жүрүп жаткан бей принципсиздик, коррупция, үй-бүлөлүк башкаруу, бийликти узурпациялоо, элдик байлыкты бейчеки тоноо, бирөөлөрдүн оокатын басып алуу, паракорчулук, авторитаризм, валюнтаризм мунун баарынын тамыры бир өтүктүн “кончунан” чыгып отурбасын. Мындай илдеттен саясий ыймандын тазалыгын көрө алабызбы? Жок. Саясаттагы ички ыймандын жоктугу, саясатчымын деп төшүн каккан адамдардын эң башкы кемчилиги болуп жүрбөсүн...
“Саясат” деген сөз бардык элдерде бир түшүнүктү бергени менен, ал ар бир элдин улуттук өзгөчөлүгүнө, салтына, дүйнө таанымына жараша, өзгөчө “колоритке” ээ болуп турат. Батыш менен Чыгыштын саясий маданияты эч качан бири-бирине окшошпойт, алар канчалык демократиялык дөөлөттөрдү тутунбасын ал баары бир ошол улуттук ички маданий аң-сезиминен улам өзгөчө нукка, өзгөчө мааниге ээ. Батыш демократиясы, анын баалуулуктары канчалык үлгү катары айтылбасын, Чыгыш саясий маданияты илгертен калыптанып келген өзгөчө фонго ээ, ал – ыймандуулукка негизделген саясий маданият.
Бул сөздүн оролу канчалык өлкөдө жүрүп жаткан Президенттик шайлоо менен байланышы бар? Кесе айта турган болсок, түздөн-түз байланышы бар. Акыркы 25 жыл аралыгындагы улуттук саясаттын оош-кыйышы, күңгөй-тескейи көөнө нукура улуттук саясий салтыбыздагы ыймандын жана моралдын көз көрүнө тепселенгендиги, анын таптакыр унутулуп калганы болуп жүрбөсүн?!..
Эгерде, ыймансыз, байлыгына, бийлигине ишенген саясий фигура келсе, өлкөдөгү коллапс кайрадан улана берээри чындык. Саясаттагы тазалык азыр эң башкы – шайлоо алдындагы платформа. Таза адам келмейин, биз таза коомду да, таза өлкөнү да, таза экономиканы да жарата албайбыз. Мына ушул саясий “детектордон” ким инсандык, ички тазалыгы менен чыга алат?..
Башка талапкерлерге доо түшүргүбүз келбейт, бирок андай талапкер – Сооронбай Жээнбеков. Анын таза инсандыгын башка атаандаштары да билет, атаандаштары да туюк сезип турат, бирок аны ачыкка чыгара албайт. Сооронбай Жээнбековдун шайлоодогу инсан жана талапкер катары “саясий фишкасы” анын алда канча тазалыгында. Бүгүн өлкө, коом, ойду-тоону убада кылган, демократиялык тезистерди «жатка билген», элге эртен сүт көл, май көл жашоону убада кылган саясий харизматиктерге эмес, таза инсанга муктаж болуп турат. Тазалык бүгүн башкы – саясий капиталга айланды.
Эмне үчүн Сооронбай Жээнбеков?
Бул суроого жооп ушул...
Ал – саясий ыйманды жана моралды бийик тутунган инсан.
Экинчи аргумент
Саясатчыдагы эң башкы сапат кайсы? Принципалдуулук – саясатчынын, Өлкө башчысы болом деген адамдын башкы касиети болуусу керек. Социалдык катмарга терс таасирин тийгизген бул саясий симптом, акыркы кезде араанын ачып келет. Адам эмне үчүн – Өлкө башчысы болууга умтулат, жогорку бийликтин төбөсүн эңсейт? Элге кызмат кылуу үчүнбү же өзүнүн саясий амбициясын канааттандыруу үчүнбү? Бул суроо патетикалуу эмес, принципалдуу суроо...
Сооронбай Жээнбековдун нукура табиятын билбеген адам, анын позициясына даркүмөн карашы ыктымал. Чындыгында, Сооронбай Жээнбеков – өтө принципалдуу инсан, саясатчы. “Анын аргументтери барбы?” деген суроо жаралышы мүмкүн. Ага мисал: биринчиси, анын КСДП партиясына чындап берилген, партиялык принциби. Ал бул принцибинен КСДПнын башына түшкөн караан күндө да, татаал мезгилде да, ар тараптан жасалган кысымдарга карабастан, ушул партиянын өзөгүндө туруп, партиялык принцибин бекем сактап келди.
Акыркы эле он беш жылдын аралыгында, бу партиянын курамына кимдер кирип, кимдер чыкпады. Ага статистика гана эмес, партиянын башына оор күндөр түшкөндө “аркы жээкке” өтүп кеткендер ачык-айкын мисал. Өткөн Президенттердин кордугун көргөн бу партиянын Сооронбай Жээнбековдой туруктуу мүчөсү көп эмес. Күн тийгенде КСДПнын желегинин алдына чогула калган, кара булут уюлгуй баштаганда күнөстүү жайыттын күкүгүнө айланган адамдар канча болду. КСДП сөздүн чыныгы маанисинде Сооронбай Жээнбековго окшогон нукура партиячыл адамдар менен кармалып келди. Бул эмне?
Эмне үчүн Жээнбеков?
Принцип жана принципалдуулук. Бул чыныгы саясатчынын гана эмес, чыныгы адамдын мүнөзү.
Үчүнчү аргумент
Азыркы күндө өлкө башында турган же ал кызматтарга умтулган инсандардын эң сапаты - ал тазалык дөөлөтү болуп турат. Биз чоң саясатка келе турган адамды мына ушул саясий критерийден улам баалап, ага ушул позициядан ишеним беришибиз керек.
Кыргыз коому азыр кристаллдай таза саясатка, таза лидерлерге муктаж болуп турат. Улуттук саясат эң оболу жаны саясий генерацияга, жаңы элитага муктаждык зарылдыгын талап этип жатат. Жаңы элита ал жаңычыл сапат, жаңычыл ой-жүгүртүү менен мүнөздөлөт. Азыркы саясий кырдаалдан алып караганда таза лидер гана таза коомду, таза мамлекетти башкара алат. Таза болбой туруп, таза коомду түзөй албайсын. Мезгил кош саясий стандартты, эки жүздүүлүктү, ашмалтай моралды үчүнчү жолу көтөрө албайт.
Ушул тейден алып караганда, саясий ыйман, мамлекетчилдик сезим гана кыргыз коомун оңдоого жөндөмдүү. Эгерде, Сооронбай Жээнбековдун кыргыз саясий истеблишменттеги ордуна баа бере турган болсок, анда мамлекетчилдик сезим, сапат өтө бийик деп айтаар элек. Ал сезим эң оболу анын инсандык ыйман тазалыгы менен терең байланышкан. Кооз сөз менен курулай мекенчилдик доору өтүп баратат. Биз жаңы ой жүгүртүүгө, саясий прагматика менен реалдуулук фазасына келдик.
Сооронбай Жээнбеков ир алды саясий пиар, жасалма харизма менен шугулданбаган, турмуш реалдуулугуна жакын инсан. Кыргыз коому табигий жаңыланууга таңсык, аны таза, артында сөзү жок, саясий интриганын куулук шумдугунан сырт адам гана жарата алат.
Сооронбай Жээнбековду көп жылдар бою билген, чогуу иштеген адам катары бир сапатын айтып коюубуз керек. Ал өтө принципалдуу, эч качан өз позициясын жеке кызыкчылык үчүн сатпаган инсан. Ага көп мисал күбө. Анын оор мүнөзүн компромисттик сапат катары көргөндөр тереӊ жанылышат.
Жээнбеков бул касиетке ач кыйкырык, күү сүрөөн менен эмес, турмушта сыналган адамдык мээнети менен, адамдык тазалыгы, ыйман принциби менен калыптанган инсан. Анын башкы сапаты ал- мамлекетчилдиги. Мамлекетчил адам гана артынан эч кандай ызы-чууну, жаман сөздү эрчитпейт.
Эмне үчүн Сооронбай Жээнбеков?
Саясий лидердин биринчи башкы сапаты, ал мамлекетчилдик. Мамлекетчил духу күчтүү адам гана, мамлекеттин түркүгүн бекем көтөрө алат. Ал сезим, ал дух, ал сапат Сооронбай Жээнбековдо бар.
Төртүнчү аргумент
Мамлекетти, өлкөнү башкарам деген адамдын турмуштук тажрыйбасы, басып өткөн жолу, кесипкөйлүгү өтө маанилүү. Сооронбай Жээнбеков айылда торолуп, айылда өстү. Айылда анын бүткүл көз карашы калыптанды. Ал элге жакын дүйнөдө өстү. Ата-энеси да нукура айылдык салтты, улуттук нукура дөөлөттөрдү бекем тутунган, ошону менен бирге эле элдин чулу ордосунда эмгек ишмердүүлүгү өткөн инсандар.
Шарип Жээнбеков – бул инсанды ким билбейт. Бүткүл өмүрүн кооперация системасында өткөрдү. Мындайча айтканда, адамдын тазалыгын рентгендей аныктай алган тармакта иштеди. Бу системада иштеген канча адам суук колун акчага, байлыкка салып, элдин казынасын тоноп, атын, ысмын булгады. Жаза алды. 30 жылдан ашуун Шарип Жээнбеков кооперация тармагында иштесе да, анын ишинде тырмактын алдындагыдай кири да, илинчеги да, эң башкысы кыпындай жаман сөз жок. Ал киши үчүн таза иштөө, таза эмгек, өз кара мээнети менен күн көрүү, элдин арасында өз абийрин бекем, кристалдай тунук сактоо анын жашоо принциби, жашоо культуна айланган. Жээнбековдордун династиясында мээнет, эмгек, маңдай тер деген түшүнүк үй-бүлөлүк өзгөчө реликвия. Шарип аксакал да өз балдарын ушул сезимде, ушул түшүнүктө, элдик уул туюмунда өстүрдү.
Сооронбай Жээнбековдун бүткүл саясий мүнөзүнө абай салып карай турган болсок, аны биз салттык негизди бекем тутунган, ошону менен бирге эле жаңычылдык духту алып жүргөн инсан катары мүнөздөйт элек. Анын саясий IQсу – эмгек, тазалык, принципалдуулуктан турат. Себеби, ал эмгектин баркын баалай алган, аны адамдык башкы дөөлөт катары эсептейт. Айрым, сынчылар Сооронбай Жээнбековду “Саясий харизмасы” жок деп келишет. Саясий харизма деген эмне, ал мүнөзбү же сапатпы?..
Саясий харизма бу инсандын өзгөчөлөнгөн индивиддик сапаты, ал ошонусу менен өзгөлөрдөн айрымаланып турат, ал өзгөчө мүнөз, өзгөчө касиет. Жээнбековдун мамлекетчилдик сапаты, тазалыгы, иштермандыгы, эң башкысы – чынчылдыгы? Бул эмне бүгүнкүнүн модалуу түшүнүгү менен айтканда “саясий харизма” эмеспи?.. Элибиз акыркы жылы канча “харизматиктерди” көрдү, алардан эмне калды “маразматика” эмеспи? Кана, алардын харизмасы?
Эмне үчүн Жээнбеков?
Дүйнөнү, коомду, мамлекетти, өлкөнү адамдык дөөлөттөрдү бийик сыйлаган чыныгы мүнөз гана өзгөртөт. Андай, сапат, индивидуалдуулук Жээнбековдун башкы саясий компоненти эмей эмне?.. Коомдун саясий өнүгүүсүндө саясий лидердин жеке адамдык фактору өзгөчө ролду ойнойт.
Бешинчи аргумент
Кыргыз көчү жолун улайт... жол жолго уланат... тоо тоолорго уланат... Бул кыргыздын көөнө философиясы... Кыргыздын байыркы түшүнүгүндө жашоонун өтмөлүгү, бири-бири менен жуурулушкандыгы, бирин-бири улап кеткендиги төтө түшүнүк болгон. “Үзүлгөндү улаган”, “улап кеткен”, “учугун узарткан” деген мааниси терең түшүнүк бар. Бул мындай алып караганда, тек гана сөз болсо, анын тереңинде өтө чоң маани бар.
Атамбаев менен кыргыз соңку тарыхынын бир доору өтүп жатат, ал тек гана өтпөй жаңы күчтөрдүн саясий аренага чыгуусу менен коштолуп, өлкөбүз өнүгүүнүн өзгөчө фазасына бет алды... Өлкөнүн “рак шишигиндей” болгон коррупцияга каршы биринчи “согуш” ачкан Президент катары кирээри шексиз. Энергетикалык, чек ара коопсуздугу чечилди... Кыргызстан эң башкысы демократиялык имиджин дүйнөлүк аренада сактап калды... Экономикалык өнүгүү процесси жүрө баштады... демек мунун баары дагы мындан да жогорку деңгээлде жүргүзүлүшү керек. Көч уланышы керек... Бир адамдын эмес, өлкөнүн, коомдун, кыргыздын көчү уланышы керек... Ал мезгилдин башкы цикли..
Быйылкы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо процесси мурдагылардан түп-тамыры менен айырмаланып турат. Бийлик тынчтык жолу менен, элдик шайлоо жолу менен жаңы Президентке өтөт...
Эмне үчүн Жээнбеков?..
Кыргызстандын Бешинчи Президенти ким болот? Биз кайсы багытка карай жол алабыз? Бул өтө маанилүү маселе. Кыргыз көчүнүн жолу дайыма жаңы максат, тилек, үмүт менен уланып келген...
Ал үмүт – Сооронбай Жээнбековдо.
- Даярдоочу: КУМА “Кабар”
- Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
- КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
- Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 26.09.2017 ж.
Пикир
Оставить комментарий