• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Энергетика министри Япониянын Өкүлдөр палатасынын депутаты менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 10.09.24. /Кабар/. Бүгүн энергетика министри иш сапарынын жүрүшүндө Япониянын Өкүлдөр палатасынын депутаты, Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы парламенттик достук тобунун төрагасынын орун басары Эндо Тосиаки менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын ноябрь айында Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Япониянын өлкө башчысы менен болгон сүйлөшүүлөрүн ишке ашыруу, Кыргызстандын энергетикалык потенциалы, учурдагы ири долбоорлор, долбоорду ишке ашыруу, инвестиция тартуу тууралуу сүйлөштү.

Министр Ибраев учурда министрлик өлкөнүн экономикасына инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча бардык чараларды көрүп жатканын баса белгиледи. Ал энергетика тармагындагы артыкчылыктуу багыттар боюнча, максаттарды ишке ашырууда кызматташууну күчөтүүнү сунуштады.

Жолушуунун жыйынтыгында Япониянын Өкүлдөр палатасынын депутаты Эндо Тосиаки Кыргызстандын президентине, Жогорку Кеңешке жана министрлер кабинетине Япония тараптан жөнөтүлгөн катты кабыл алгандыгына жана эки өлкөнүн кызматташуусун тереңдетүү максатында энергетика министри Таалайбек Ибраевди жибергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Мындан тышкары, Кыргызстандын энергетика министринин ар бир сунушун кабыл алып, кызматташууга даяр экенин билдирди. Ал япониялык компаниялар менен кол коюлган документтерди өз көзөмөлүнө алып, андагы долбоордорду ишке ашырууга көмөктөшөөрүн убадалады.

Тараптардын жолугушуусуна Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев дагы катышты.

Пикир

Оставить комментарий