• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Чүй облусундагы көмөкчордондорду текшерди

Коом 0

Бишкек, 29.01.23./Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев бүгүн, 29-январда, Чүй электр тармактар ишканасынын "Кемин", "Быстровка" жана "БГЭС" көмөкчордондорунун күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүүсү үчүн учурдагы иштөө абалын текшерди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда бардык көмөкчордондордун ыкчам бригадасы жумуш ордунда экендигине, кампаларда авариялык запас бар экендигине күбө болду.

Мындан тышкары, министр калкты күз- кыш мезгилинде жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн авариялык өчүрүүгө жол бербөө максатында алдын алуу иштерин жүргүзүп туруу зарыл экенин эскертип, тиешелүү адистерге тапшырма берди.

"Министрдин тапшырмасы менен энергетиктер эс алуусуз, кезметтешүү менен 24 саат бою иштөөдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий