Энергетика министри ЖЭБдин күз-кыш мезгилине даярдык иштерин текшерди

Коом 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкектеги Жылуулук электр борборунун күз-кыш мезгилине даярдыгынын жүрүшүн текшерди.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр турбиналык жана отказан цехте жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, ишкананын жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө министр ишкананын жетекчилигине оңдоо иштерин тездетүүнү жана бардык иштерди белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү, коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча кызматкерлер менен тыкыр иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

Ошондой эле министр 2024-2025-жылдардын кышкы мезгилин ийгиликтүү аяктоо жана Бишкек шаарын жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жана ишенимдүү камсыздоону уюштурууну милдеттендирди.

Пикир

Оставить комментарий