• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Энергетикалык каатчылык. Ибраев энергокомпаниялардын өкүлдөрү менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекттери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Белгиленгендей, иш-чара энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, ички жана тышкы инвесторлор тарабынан энергетика тармагына инвестицияларды тартуу максатында уюштурулуп, жыйынга 50гө чукул компаниянын өкүлдөрү катышты.

Суроо-жооп форматындагы мындай жолугушуу энергетика министринин демилгеси менен үчүнчү жолу уюштурулууда.

Жыйындын негизги максаты Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү, инвесторлор менен иш алып баруу учурунда жаралган айрым маселелерди (жер участокторуна укук алуу, суу балансы, айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү, керектүү техниканы б.а. шаймандарды чет өлкөдөн алып келүүдө НДстен КНСтен бошотуу жана башка) чечүү, ЭКБ боюнча мыйзамдагы акыркы өзгөртүүлөр боюнча ЭКБнын субъекттерине түшүндүрүү жана инвесторлорго шарт түзүп берүү болду.

Жыйындын жүрүшүндө электр станциясын куруу үчүн керектелүүчү жабдуулар, документтер, тариф, экология, бажы төлөмдөрү боюнча презентация көрсөтүлүп, акырында кызыккан тараптардын суроолоруна тийиштүү мамлкеттик органдардын кызматкерлери жооп берип, кызыктуу талкуу болду.

Мындан улам Энергетика министри Таалайбек Ибраев жолугушууга тиешелүү тармактын адистерин чакырып, жеке ишкерлер менен бетме-бет жолуктуруп, ачык талкуу жүргүздү.

Министр Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча обьектилерди куруу үчүн ички жана тышкы инвесторлор менен байма-бай сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, ЭКБны Кыргызстанда тезинен өнүктүрүү үчүн жеке ишкерлердин көпчүлүк маселеси чечилгенин жана айрым чечиле элек көйгөйлүү маселелерин чечүү зарыл экенин билдирди.

Ошондой эле өлкөдөгү курулуп жаткан ири жана чакан долбоорлор менен тааныштырып өттү.

"Урматтуу ишкерлер, бүгүн биз сиздердин үнүңүздөрдү угуу үчүн ушул жерге бардык мамлекеттик органдардын жана бакнтардын өкүлдөөрүн чогултуп отурабыз. Бүгүнкү күндө электр энергиясын иштеп чыгуу жаатында электр энергиянын тартыштыгы баарыбызга маалым. Учурда баарыбыздын максаттарыбыздын бири генерацияны көбөйтүү. Сиздер менен жолугушууну уюштуруунун негизги максаты силерди колдоо жана чечилбей жаткан көйгөйлөрдү угуп, жакындан чечип берүү.

Учурдан пайдаланып айта кетейин, урматту Чакан ГЭС курам деген ата мекендик ишкерлер, жерге укук алгандар, тездетип ишти баштаңыздар. Иш учурунда күтүүсүз кандайдыр бир маселе чыгып, колду байлап чечилбей жатса, бизге түздөн-түз кайрылыңыздар. Кеңешип кескен бармак оорубайт демекчи, силер тараптан үн катсанар биз өзүбүз тараптан баардык маселени чечип берүүгө даярбыз", - деди Ибраев.

Пикир

Оставить комментарий