• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата: Уюштуруу комитетинин кезектеги жыйналышы өттү

Коом 0

Бишкек, 04.05.19. /Кабар/. Жума, 3-май күнү Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин кезектеги жыйналышы өттү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясаты бөлүмү билдирди.

Жыйналышта Уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнүн сунуш-пикирлерин эске алуу менен иштелип чыккан иш-чаралардын планынын долбоору жактырылып, бекитилген планды ишке ашыруу боюнча үзгүлтүксүз тиешелүү иш жүргүзүү, аны менен катар жыйындарды өткөрүү зарылдыгы белгиленген.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 5-апрелинде президент Сооронбай Жээнбеков «Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө» Жарлыкка кол коюп, Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланышкан иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитети түзүлгөн.

Уюштуруу комитетинин курамы Кыргыз Республикасынын президентинин жана өкмөтүнүн аппараттарынын, мамлекеттик органдардын, 2010-жылдын апрель окуяларында курман болгондордун туугандарынын, жабыр тарткандардын, катышуучулардын жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн түзүлүп, жалпы 36 мүчөдөн турат.

Уюштуруу комитетинин төрагалыгына Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев бекитилип, төраганын орун басарлыгына Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппарат жетекчиси — министр Шамиль Асымбеков жана коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий