• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда жолдорду оңдоо боюнча кандай иштер аткарылууда?

Коом 0

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Кыргызстанда өлкө боюнча асфальт төшөө, аң-чөнөктөрдү жамоо, жолду тазалоо, жолдун боюндагы бак-дарактарды кыркуу жана жөө жүргүнчүлөр өтө турчу чийиндерди жаңылоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда министрликке караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы аймактарда төмөндөгүдөй иштерди жүргүзүүдө:

- №19 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Талас шаарындагы Манас көчөсүнүн бир бөлүгүнө асфальт төшөлдү;

- жалпы 14 чакырымды түзгөн Ача-Кайыңды-Калинин унаа жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө каралып, бүгүнкү күндө 2 км 100 метр жер оңдолду.

- Түп районундагы Михайловка-Николаевка-Токтоян унаа жолуна асфальт басуу иштери жүрүүдө;

- № 46 Жол тейлөө ишканасынын жолчулары жөө жүргүнчүлөр өтө турчу чийиндерди жаңылап жатат. Мындай иштер жети дубанда тең жүргүзүлүүдө;

- Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун четин тазалап, ирээтке келтирүү иштери жүрүп жатат;

- Токмок - Шамшы - Туюк унаа жолунун 22,625-23-чакырым аралыгына асфальт төшөлдү;

- Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев-Көл-Төр-Дөң-Талаа (45-48-чакырым аралыгы) унаа жолуна асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Учурда 1,250 км жер жасалды. План боюнча 5 чакырым оңдолот;

- мамлекеттик маанидеги Нарын - Орук-Там жолунун 20-50-чакырым аралыктарын автогрейдер менен тегиздөө иштери жүрүп жатат;

- Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун (Өтмөк ашуусу) жаңы асфальтталган жалпы 6 чакырым жолдун жээги тегизделип жатат.

Пикир

Оставить комментарий