• 87.44
  • 89.38
  • 0.85

"Эркин экономикалык зоналар жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр ишкерлердин таза атаандаштыгына шарт түздү – депутат

Экономика 0

11-январда "Эркин экономикалык зоналар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Документке президент Садыр Жапаров кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 20-ноябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзам долбоорун Аманкан Кенжебаев менен Марлен Маматалиев демилгелеген.

Бул мыйзамга өзгөртүүлөрдүн киргизилиши аркылуу Эркин экономикалык зоналардагы түзүлгөн коррупциялык схемалар жок кылынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев “Кабар” агенттигине билдирип, мыйзамдагы өзгөртүүлөргө токтолуп өттү.

Эл өкүлүнүн айтымында, 2001-жылга чейин Эркин экономикалык зонада эки компания каттоодон өткөн. Аларга тамеки продукцияларын чыгарууга уруксат берилип, башка ишканаларга мындай иш менен алектенүүгө тыюу салынган. Эми мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр менен белгилүү бир кызыкчылыктарды көздөгөн тараптарга артыкчылык берүү жокко чыгарылды.

“Биринчиден, бир-эки компанияга гана уруксаттын берилишинде бирөөлөрдүн кызыкчылыгы болгондугу так даана көрүнүп турат. Биз эки компаниядан башка компаниялар иш жүргүзбөсүн деген чектөөнү жокко чыгардык. Мыйзамдын эң негизги максаты – эркин экономикалык зоналардын аймагында иш алып барган ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү, таза атаандаштык үчүн шарттарды түзүү. Эми каалаган ишкер, ишканалар жана инвесторлор Эркин экономикалык аймакта мыйзам чегинде иш алып барса болот. Анын алкагында мамлекеттин бюджетине салык төлөмдөрү түшөт, жаңы жумуш орундары пайда болот. Анткени буга чейин ошол эки компания инвесторлор келсе, “менде гана уруксат бар, кирешенин 30%ын мага бересиң, ишиңди жүргүзөсүн” деген талаптарын койгон. Биз мыйзам менен мындан ары бул коррупциялык схеманы жокко чыгардык деп айта алабыз”, - деди депутат.

Кабыл алынган мыйзам менен Эркин экономикалык зоналардын аймагында, ошондой эле анын субъекттерине иштин айрым түрлөрүнө тыюу салынат, анын ичинде акциздик товарларды өндүрүүгө жана сатууга, буга төмөнкүлөрдү жыйноону, өндүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашыруучу ишканалардын иштери кирбейт:
- 2000-жылга чейин катталган ЭЭЗ субъекттери тарабынан Кыргызстандын калган аймактарына ташып кирүүдө акциз жана КНС салынуучу, ТЭИ ТН 2402 коду менен классификациялануучу тамеки продукцияларды;
- ЭЭЗ субъекттери тарабынан Кыргызстандын калган аймактарына ташып кирүүдө акциз жана КНС салынуучу, өлкө аймагына ташып чыгууну милдеттүү чектөө талабы менен ТЭИ ТН 2404 жана 8543 40 000 0 коду менен классификациялануучу никотин камтылган продукцияны, бир кутуда никотин суюктугу бар никотинди жеткирүүнүн бир жолку электрондук тутумдарын, электрондук сигареттерди жана ушуга окшогон жекече электрдик буулануучу түзүлүштөрдү (никотинди жеткирүүнүн электрондук тутумдары) же ТЭИ ТН 2202 кодундагы, курамында кант кошулмаларын же башка таттуу даам берүүчү, же даам-жыпар жыт берүүчү заттар камтылган сууларды, анын ичинде минералдык жана газдалган сууларды.

Марлен Маматалиев белгилегендей, Кыргызстанда 2025-жылдын июль айынан тарта электрондук тамекини ташып келүүгө, жүгүртүүгө жана колдонууга тыюу салынды. Эми "Эркин экономикалык зоналар жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр менен бул продукция өлкөдө өндүрүлө берет, бирок ички рынокко сатылбайт, экспортко гана чыгарылат.

“Биз муну менен электрондук тамекилерди Эркин экономикалык зоналарда гана чыгаруу керектигин белгиледик. Анткени Эркин экономикалык зоналарда өндүрүш иштери тыкыр көзөмөлдөнгөндүктөн, компаниялар продукцияларын ички рынокко чыгарбайт, болгону сыртка сатууга шарттар түзүлөт. Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, президент кол койду. Эми ишкерлерге жол ачылды деп айта алабыз”, - деп эсептейт депутат.

Ошондой эле эл өкүлү кошумчалагандай, мыйзам “Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамы менен “Эркин экономикалык зоналар жөнүндө” мыйзамындагы карама-каршылыктарды, боштуктарды жана түшүнүксүздүктөрдү жоюу максатында иштелип чыккан.

Материалды даярдаган Мээрим Дүйшөналиева, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий