• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Эртең Бишкектеги Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү ачылат

Коом 0

Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. Эртең Бишкектеги Жибек Жолу проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн А.Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түштүк тарабы унаа кыймылы үчүн ачылат.

Мэриядан билдиришкендей, бул бөлүктө жол оңдоо иштери аяктады. Ал эми кайра Жибек Жолу проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн А.Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түндүк тарабын жабуу пландалып жатат.

Ошондой эле Жибек Жолу проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн А.Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түндүк тарабы да унаа кыймылы үчүн жабылат.

Белгиленгендей, Жибек Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейин бир нече этап менен оңдоодон өтөт.

Пикир

Оставить комментарий