• 87.86
  • 93.94
  • 1

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт. Тизме

Коом 0

Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. "Энесай" суу кампасындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу эртең, 29-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, суу "Энесай", "Дордой-1" жана "Дордой-2" конуштарында жок болот. Анын ичинде:

№9 үй-бүлөлүк медицина борбору;
Орхан көчөсүндөгү бал бакча;
№21 муниципалдык аймактык башкармалыгы;
№20 китепкана;
№7 милициянын бөлүмү;
№21, №94 мектеп;
"КУТ Монтажстрой" команиясы;
Дордой-17, 20А көчөсүндөгү "Ак-Илбирс" мекемеси;
№6 милициянын бөлүмү;
"Бегимай-Дордой" бала бакчасы;
Свердлов районунун коомдук-профилактикалык борбору.

Пикир

Оставить комментарий