• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Эртең Бишкектин бир катар конуштарында таза суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Эртең, 3-мартта саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин бир катар конуштарында таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу “Бишкексууканал” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Ак-Жар”, “Ак-Бата” жана “Келечек” конуштарында ичүүчү суу убактылуу жок болот.

Суу оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий