Эртеңден тарта Байтик баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

Коом 0

Бишкек, 12.06.24. /Кабар/. Эртең, 13-июндан тарта Байтик баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 13-июнда Байтик баатыр көчөсүнүн Медеров жана Горький көчөлөрү менен чектелген бөлүгү жабылат.

Учурда Байтик баатыр көчөсүнүн Токомбаев көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки аралыгына асфальттын экинчи катмары басылууда. Ал эми Сүйөркулов жана Медеров көчөлөрү менен чектелген аралыкта асфальт басууга даярдык жумуштары жасалууда.

Белгилей кетсек, аталган көчөдө жолду капиталдык оңдоонун биринчи этабы 15-июнга чейин аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий