• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

15нен 21-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. ӨКМ кызматы 15нен 21-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, эртең, 15-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

16-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. 16-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

17-19-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак, тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

20-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жана 21-ноябрда туруксуз аба-ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий