Бишкек, 12.01.21. /Кабар/. Баткен облусунда мектептер иштеп баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, облустагы 233 мектепте окуучулар реалдуу режимде билим алууда.
Белгилей кетсек, эртең, 13-январда Баткен районундагы 10 мектепте 1-5-9-11-класстан башка дагы бардык класстын окуучулары мектепке чакыртылып, облустагы мектептер 100% иштеп баштайт.
Мындай чечим коронавирус менен күрөшүү жана анын алдын алуу боюнча облустук штабда, облуста эпидемиологиялык абал турукташкандыгына байланыштуу, окуучуларга реалдуу режимде, сапаттуу билим берүү максатында кабыл алынды. Алдыда этап-этап менен бала бакчаларды да ачуу каралууда.
Эскерте кетсек, буга чейин муктаждыкка жараша жеке менчик балдар бакчаларына иштөөгө уруксат берилген.
Белгилей кетсек, окуучулардын кышкы каникулунан кийин билим берүү мекемелерин ачуу пландалганына байланыштуу, ыйгарым укуктуу өкүл Жаныбек Жалалов билим берүү мекемелерин даярдоо, санитардык талаптарды сактоо жана дем алыш күндөрү дезинфекция жумуштарын жүргүзүп туруу, окуучулар менен ата энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жылуулук менен камсыздоо боюнча, тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берген.
Учурда облуста эпидемиологиялык абал турукташууда. Бүгүн, 12-январга облуста коронавирустун жаңы учурлары катталган жок.
Облуста эпидемиологиялык абал турукташкандыгына байланыштуу 2020-жылдын 6-январынан ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругу менен өзгөчө кырдаал режими алынган.
Пикир
Оставить комментарий