• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Эртеңден тарта Бишкек-Каракол багыты боюнча авиакаттамдар аткарыла баштайт

Коом 0

Бишкек, 18.12.24. /Кабар/. Ушул жылдын 19-декабрынан тарта Бишкек-Каракол, Каракол-Бишкек багыты боюнча авиакаттамдар "Асман Эйрлайнс" мамлекеттик авиакомпаниясы тарабынан аткарыла баштайт. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов билдирди.

Анын айтымында, жумасына 2 жолу бейшемби жана жекшемби күндөрү аталган багыт боюнча учактар каттайт. Билеттин баасы 3100 сомдон башталат, лыжа жана сноубордторду учакка алуу акысыз.

“Билеттерди asmanairlines.kg же App Store, Google Play`ден asmanairlines.kg тиркемесин жүктөп алып, ошол жерден сатып алсаңыздар болот. Ош-Каракол, Каракол-Ош багыты боюнча каттамдар тууралуу маалыматты жакын арада кабарлайбыз”, - деди ал.

Белгилей кетсек, 11-декабрда Ысык-Көл облусундагы “Каракол” эл аралык аэропорту модернизациялоо иштеринен кийин ачылган.

Пикир

Оставить комментарий