• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эртең "Кыргызтест" кыргыз тили боюнча онлайн тест өткөрөт - каалоочулар катышса болот

Коом 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Эртең, 24-сентябрь күнү Бишкек шаарында "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси кыргыз тили боюнча онлайн тест өткөрөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская билдирди.

Онлайн тест Мамлекеттик тил күнүн утурлай (23-сентябрь) өткөрүлөт.

Тест тапшырууга президенттин аппаратынын, Жогорку Кенештин, өкмөттүн аппаратынын, Мамлекеттик тил комиссиясынын кызматкерлери, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана бардык каалоочулар чакырылат.

Ошондой эле тестке Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин кызматкерлеринин онлайн катышуусу каралган.

Кошумча маалымат:

Мамлекеттик тил боюнча тестте лексикалык нормаларды жана грамматикалык эрежелерди иш жүзүндө колдоно алуу, маалыматты угуп жана окуп түшүнө билүү, оюн оозеки жана жазуу жүзүндө билдире алуу жөндөмдөрү бааланат.

Тестти ийгиликтүү тапшырган катышуучуларга тиешелүү деңгээлдеги Сертификат берилет.

Иш-чаранын жүрүшүн "Кыргызтесттин" сайтынан онлайн режиминде көрүүгө болот.

Өткөрүү орду: К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасы

Өткөрүү убактысы: саат 9:00дөн 17:00гө чейин

Байланыш телефондору: 0(312)886917, 0(550)551214

Пикир

Оставить комментарий