• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Шайлоо-2020. Баткендин башчысы алыскы айылдардагы шайлоо тилкелерин кыдырып чыкты

Аймак 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов күн мурун, 22-сентябрда, облустун эң алыскы айылдарындагы шайлоо тилкелерин кыдырып чыкты.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, облус башчысы Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагындагы шайлоо тилкелеринде болуп, шайлоочулар үчүн түзүлгөн шарттар, участканын тийиштүү жабдуулар менен жабдылышынан жеринен таанышты.

Алишер Абдрахманов өз сөзүндө парламенттик шайлоону уюшкандыкта өткөрүү боюнча даярдоо жана уюштуруу иштеринде, материалдык техникалык жактан камсыз кылуу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн керектүү шарттарды түзүү, участкалык шайлоо комиссияларында үзгүлтүксүз электр энергиясын камсыз кылуу, электрогенераторлор менен камсыздоо боюнча жергиликтүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, Баткен облусу боюнча 215 шайлоо участкасы бар. Шайлоочулардын жалпы саны 288 миң 169ду түзөт.

2020-жылдын 22-сентябрына карата район, шаарлардагы участкалык шайлоо комиссияларына Форма-1 боюнча 357, ал эми Форма-2 боюнча 7 134 арыз келип түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий