• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Эртең Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү башталат. Программасы

Маданият 0

Бишкек, 17.07.24. /Кабар/. 18-22-июлда Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, министр Алтынбек Максүтов жетектеген делегациянын курамында расмий жана чыгармачылык интеллигенция өкүлдөрү, театрлар, фольклордук – этнографиялык ансамблдер, симфониялык оркестрлер, бий ансамблдери, белгилүү кино ишмерлери, кол өнөрчүлөр жана белгилүү солисттер бар.

Жалпысынан маданий күндөргө Кыргызстандан 200дөн ашуун өнөр адамы барып, кыргыздын искусство чеберлеринин концерти, кол өнөрчүлүгү, сүрөт искусствосу, кыргыз кинолору, улуттук бийлери жана спектакли тартууланат.

Маданият күндөрдүн программасы:
18-июль, 17:30
“Өзбекстан” эл аралык форумдар сарайында Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы;
19-июль, 14:00
Өзбекстандын Жазуучулар союзунда кыргыз-өзбек коомдук жана маданий ишмерлеринин жолугушуусу;
20:00
Навои атындагы кинотеатрында Кыргыз киносунун күндөрү расмий ачылышы;
21:00-00:00
“Голубые купола” маданий сейил багында Улуттук “Манас” театры тарабынан кыргыз айылынын ачылышы;
20-июль, 17:00
Өзбекстан Мамлекеттик консерваториясында Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор Муратбек Бегалиевдин концерти;
19:00
Мукимий атындагы Өзбекстандын мамлекеттик академиялык чоң театрында Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын “Саманчынын жолу” спектакли;
21:00-00:00
Ташкент шаардык “Голубые купола” маданий сейил багындагы “Кыргыз айылында” Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүнүн гала-концерти. Маданият күндөрүнүн расмий жабылышы.

22-июлда Бухара шаарында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Чалагыз Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук – этнографиялык ансамблинин жана Нурдин Түгөлов атындагы Кыргыз мамлекеттик “Ак-Марал” бий ансамблинин жана белгилүү солисттердин катышуусунда гала-концерт өтмөкчү.

Белгилей кетсек, маданият күндөрдү өткөрүү 2023-жылдын 26-27-январда Өзбекстан президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында макулдашылган.

Пикир

Оставить комментарий