• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Таттыбүбү Турсунбаевага арналган поэзия кечеси өттү

Маданият 0

Бишкек, 19.06.22. /Кабар/. Бишкекте Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева кыргыз поэзиясында аталышындагы поэзия кечеси өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Ырга айланган поэзия кечеси Таттыбүбү Турсунбаева атындагы сейил багында өтүп, ага бир катар маданият ишмерлери, маданият министри Азамат Жаманкулов катышты.

Азамат Жаманкулов иш-чаранын жүрүшүндө жыл сайын өтүүчү поэзия кечеси өз жүрүшүн токтотпой, жыл сайын улана турганын белгилеп, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан ар дайым колдоо көрсөтүү боло тургандыгын кошумчалады.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында буга чейин жаш акындар арасында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий