• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Эскилиги жетип, жабылып калган «Каракол» аэропорту ишке кирүү алдында турат

Коом 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жайгашкан «Каракол» эл аралык аэропорту 1971-жылы түптөлүп, 1978-жылы ишке берилген. Союз учурунда кадимки режимде иштеп, кийинчерээк Алматыдан гана рейстерди кабыл алып калган. Таптакыр жабылып калганына 5 жылдын жүзү болду. Тактап айтканда, акыркы жолу 2018-жылы Дубай-Ташкент-Бишкек-Каракол багыты боюнча акыркы чартердик рейсти кабыл алып, андан кийин өз ишин токтоткон.

Өлкө жетекчилигинин тапшырмасы менен региондордо иштебей турган бардык аэропорттор оңдолууда. Алардын ичинде «Каракол» аэропорту дагы бар.

Аэропорттун жалпы аянты 9 миң чарчы метрди түзөт.

Саатына 250 жүргүнчүнү өткөрө ала турган аэробекеттик комплекстин курулушу аяктады.

Буга чейин мамлекеттик "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясынын тик учагы аталган аэропортко техникалык учуу жасаган.

«Каракол» эл аралык аэропорту ишке кирсе, аймактагы туризмди жана инфраструктураны өнүктүрүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, чет өлкөлөрдөн келген туристтердин агымын көбөйтөт.

Белгилей кетсек, 2011-жылдын 25-ноябрында «Каракол» аэропортуна эл аралык деген макам ыйгарылган.

Учурда «Каракол» аэропорту аэровокзал жана учуу тилкеси эл аралык талаптарга жооп берет.

Пикир

Оставить комментарий