• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Этникалык кыргыз аялдары Өзбекстанда илим-билимдин өнүгүшүнө татыктуу салымын кошууда – Юнусалиева

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 20.02.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстанда этникалык кыргыз аялдары илим-билимдин өнүгүшүнө ырааттуу эмгектери менен татыктуу салым кошуп келүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандагы Кыргыз улуттук маданият борборунун жетекчисинин орун басары Абиба Юнусалиева “Жаңы Өзбекстанда улуттар аралык ынтымакты жана толеранттуулукту камсыз кылууда аялдардын илимге кошкон салымы” аттуу республикалык форумдун алкагында “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстанда өлкөдө жашап жаткан 130дан ашуун улуттун өкүлдөрүнүн тилин, каада-салттарын жана үрп-адаттарын сактап калуу жана бекемдөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

“Өзбекстан эгемендикке ээ болгондон баштап, мамлекетте илим-билим багытында иштеп, улуттар аралык ынтымакты жана толеранттуулукту камсыз кылууда олуттуу салымдарын кошуп келе жаткан этникалык кыргыз эже-сиңдилерибиз менен сыймыктанабыз”, - дейт Юнусалиева.

Ал өз маегинде, бүгүнкү күндө илим-билим алкагында талыкпай үзүрлүү эмгектенип жаткан Өзбекстан Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаты, Кыргыз маданият борборунун төрайымы, социалдык психология багытында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп жаткан Нодира Жонибекова, Анжиян мамлекеттик университетиндеги кыргыз филологиясы бөлүмүнүн жетекчиси, филология илимдеринин доктору, доцент Махбуба Темирова, социология илимдеринин кандидаты, доцент, учурда Өзбекстан мамлекеттик университетинин докторанты Гүлшада Орозалиева сыяктуу замандаштарыбыздын үй-бүлө менен илимдин тизгинин кошо кармап, жаш муунга үлгү болуп жатканына токтолду.

Ал ошондой эле Өзбекстандын билим берүү багытында да үзүрлүү эмгектери менен эл ардагына бөлөнүп, мамлекеттик сыйлыктарда татыктуу болгон эже-сиңдилерибиз дагы бар экендигин баса белгиледи.

"Атап айтканда, Анжиян облусунун Жалакудук районудагы №27 мектептин директору Умидхон Мамадалиева, Жызак облусунун Достук районундагы Манас айылынан Матлюба Каландарова “Достук” ордени, Анжиян облусу Кожо-Абад районунан Айсулуу Тойчубаева "Эл агартуусунун ишмери" төш белгисине татыктуу болушкан", - деди Юнусалиева.

Белгилей кетсек, ошондой эле маектешибиз Абиба Юнусалиева өзү да көп жылдар бою Өзбекстандын Элге билим берүү министрлигинин алдындагы Кыргыз тили жана адабиятынын методикасын окутуу борборунун директору болуп иштеп келген. Ал “Шухрат” (“Даңк”) медалы, “Эмгектин ардагери”, “Элдердин достугу”, “Эл агартуусунун ишмери” Кыргызстандын "Эл агартуучу", "Кыргыз тили", "Аалам алкагы" төш белгилери менен сыйланган.

Эскерте кетсек, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2015-жылдын 22-декабрында кабыл алынган резолюциясына ылайык, 11-февраль Илимдеги аялдардын эл аралык күнү деп жарыяланган. Быйыл бул эл аралык датаны дүйнөлүк коомчулук алтынчы жолу белгилеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий