Евразиянын транспорттук алкагы. Борбор Азия негизги соода жолдорунун кесилишинде

Аналитика 0

Борбор Азияда автомобиль жана темир жол тармагын өнүктүрүү – аймакты мындан ары туруктуу өнүктүрүүнүн ачкычы болуп саналат. Планетадагы дүйнөлүк океандардан эң алыскы аймак үчүн логистиканы өнүктүрүү жагы да оңой эмес. Аймакта бийик тоолор жана чөлдөр көп болгондуктан рельеф өтө татаал. Улуу Жибек жолу тарыхый жактан татаал жана ошондой эле кооптуу жол болгон, бирок азыр анын кайра жаралышы жөнүндө эле эмес, эволюциялык өнүгүү жана диверсификация жөнүндө сөз болуп жатат.

Ошентип, Борбор Азия чөлкөмү үчүн деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү гана эмес, жаңы деңгээлдеги экономикалык байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүгү да бар болгон жаңы логистиканы түзүү зарылчылыгы келип чыкты. Евразиядагы ири транспорттук кайра түзүүлөр азыр батыштан чыгышка салттуу соода коридорлору гана эмес, түндүктөн түштүккө карай меридионалдык каттамдар да чоң суроо-талапка ээ экенин көрсөттү. Бул кесилишкен транзиттик жолдор Евразиянын каалаган жерине жүктөрдү жеткирүүнү бир топ жеңилдеткен, ошону менен катар алда канча арзан жана тезирээк жеткире турган ыңгайлуу алкакты түзөт. Ташуулардын баасы канчалык азайса, жүктүн агымы ошончолук көбөйөт.

Алматыдагы Евразия өнүктүрүү банкынын бизнес форумунун алкагында континенттин жаңы транспорттук алкагын өнүктүрүүнүн келечеги каралды. "Концепция чыгыш-батыш жана түндүк-түштүк транспорт коридорлорун бириктиргенде синергетика пайда болот деген түшүнүккө негизделген. Муну менен жаңы логистикалык мүмкүнчүлүктөр, жаңы каттамдар жана тарифтер түзүлөт. Борбор Азия өлкөлөрүнүн транспорттук байланышын жакшыртуу чыгымдарды кыскартуу дегенди билдирет, ал эми аймактын өзү Евразиянын транспорттук кесилиши болууга мүмкүнчүлүк алат", - деп баса белгиледи ЕАӨБ башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов.

Эң негизгиси бул процесстерге Кыргызстандын тиешеси бардыгында. Евразиянын транспорттук алкагынын маанилүү бөлүгү Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу болмокчу. Бүгүн эле президент Садыр Жапаров Пекин, Бишкек жана Ташкенттин ортосунда кызматташуу жана долбоорду биргелешип алдыга жылдыруу боюнча үч тараптуу келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду. Негизи, формалдуулуктарды жокко чыгаруу курулушка даяр болуу дегенди билдирет, ошондуктан темир жолдун курулушу жакынкы айларда башталышы мүмкүн.

ЕАӨБ төрагасынын орун басары Евгений Винокуров журналисттер менен жолугушууда темир жол Кыргызстан үчүн маанилүү экенин, бирок мындан тышкары Евразиянын ири транспорттук системаларын эң кыска аралыкта бириктирүүдө маанилүү звено болуп каларын белгиледи.

"Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан чек ара коридорун куруу Кыргызстан үчүн жеңилдиктер жүк транзитинин көлөмүн көбөйтүүдө, ошондой эле өлкөнүн аймактарынын өз ара байланышын жогорулатууда пайдалуу болмокчу. Өзбекстан Кытай менен соода кылуунун эң кыска жолун түзүүгө жана контейнердик ташууларды өнүктүрүүгө кызыкдар", – деп белгиледи Винокуров.

Ошол эле учурда башка маанилүү транспорттук артериялар да түзүлүүдө. Жаңы Аягөз – Бахты автожолу жана Казакстан менен Кытайдын ортосундагы үчүнчү темир жол чек ара бекети курулууда. Ошондой эле Пакистандын Карачи портуна чыгуу мүмкүнчүлүгү бар Трансафган коридорун түзүү иштери жүрүп жатат. Тажикстан – Афганистан –Түркмөнстан темир жолунун келечеги жакшы (бул жол Азия өлкөлөрүн Түркия менен эң кыска аралыкка байланыштырат жана Лазурит коридорунун уландысы болуп калышы мүмкүн).

Евразиянын транспорттук алкагы кеңейүүдө. Логистика менен катар сактоо жана кургак порттор системасы өнүгүп жатат, бул дагы транспорттук инфраструктуранын өтө маанилүү бөлүгү, ошондой эле таасирдүү финансылык инвестицияларды талап кылат. Бирок, эксперттер баса белгилегендей, бул үчүн акчаны аяштын кереги жок, алар өздөрүн актап гана тим болбостон, өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да ачат. Сессиянын модератору — ЕАӨБ башкармалыгынын төрагасынын орун басары Евгений Винокуров ушул маселеге токтолду. "Биз эгерде ресурстар жана убакыт чектелүү болсо, жумшак инфраструктурага салынган ар бир рубль, тенге же доллар физикалык инфраструктурага салынган акчага караганда алда канча чоң натыйжа бере турганына дайыма көңүл бурабыз. Ошондой эле жумшак инфраструктураны чечүү керектигин көрсөткөн өзүбүздүн жана башка көптөгөн цифраларын келтиребиз", - деп баса белгиледи эксперт.

Мына эксперттер жазып алган маанилүү статистиканы келтирели: 2013-жылдан бериЕАЭБ жана Борбордук Азия өлкөлөрү аркылуу Кытайдан чыкканжана Кытайга кирген контейнердик поезддердин саны 200 эсеге өскөн. Бул сооданын өсүшү, ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, жаңы темир жолдорду жана автомобиль жолдорун, чек ара бекеттерин ишке киргизүү, транспорттук-логистикалык инфраструктураны жакшыртуу жана деңиз жолдорунан Евразиянын жер үстүндөгү транспорттук коммуникацияларына жүк агымынын бир бөлүгүн которууга жөндөмдүү натыйжалуу контейнердик кызматтарды түзүү менен шартталган.

ЕАӨБдүн божомолунда, Борбор Азия аркылуу өткөн үч негизги коридор боюнча жүк ташуунун көлөмү 2030-жылга чейин бир жарым эсеге көбөйүп, 95 млн тоннаны түзөт. Контейнердик трафиктин өсүшү андан да олуттуу – 2030-жылга карата дээрлик жыйырма фут эквивалентинде 1,7 млн контейнерге жетет деп болжолдонууда.

Соода жолдору укмуштуудай өнүгүп баратат. 20-30 жыл алдыга карай ишке ашырыла турчу долбоорлор каралып, талкууланып жатат. Толугу менен өзүн-өзү камсыз кылган жана абдан бай Евразия континенти ыңгайлуу унаалар жана темир жолдор менен камсыздалат, бул материктин каалаган бөлүгүнө товарларды жеткирүүнү тез жана жеткиликтүү кылат. Ал эми соода жолдорунун негизги кесилишинде негизги орунду Борбор Азия өлкөлөрү ээлейт.

Пикир

Оставить комментарий