• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Европанын борбордук жана түштүк аймактарын ысык аптап каптады

Дүйнө 0

Бишкек, 12.07.24. /Кабар/. Абанын температурасы Европанын борбордук жана түштүк аймактарында 40 градус Цельсияга чейин жетти.

Еuronews маалымдагандай, Италия, Румыния жана башка өлкөлөрдө жашоочуларга этият болуу, сууну көп ичүү жана күндүн эң ысык маалында көчөгө чыкпоо тууралуу эскертүүлөр берилип жатат.

Бейшемби күнү Италиянын өкмөтү жети шаарда, негизинен өлкөнүн борбордук аймактарында, ошондой эле түндүк-чыгыштагы Рим жана Триестте “кызыл” кооптуу деңгээлди жарыялады. Ысык нымдуулуктан улам күчөп, дени сак адамдарга да, ден соолугу начар адамдарга да таасир этиши мүмкүн экендиги айтылууда.

Быйыл жайдын ысыгы эрте келгендиктен эксперттер бул Европанын рекорддук эң ысык жайы болушу мүмкүн деп болжолдошууда. Ушундай эле мээ кайнаткан ысык аптап Хорватия, Албания, Греция, Белград, Чехияда да байкалып жатат.

Дүйнөлүк метеорология уюму жана Евробиримдиктин Коперник уюму буга чейин Европа эң тез жылыган континент экенин эскертип, температура дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн эки эсе тез көтөрүлүп, ден соолукка терс таасирин тийгизерин белгилеген.

Эксперттердин айтымында, климаттын техногендик өзгөрүшү температуранын кескин өзгөрүшүнө, күтүүсүз бороон-чапкындарга жана ысык толкундарга алып келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий