• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 2 млн 700 миңден ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 2 млн 700 миң адамдан ашты. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, COVID-19 илдетин дүйнөдө 2 млн 710 миң 264 адам жуктурса, каза болгондордун саны 190 миң 896 адамды түздү.

Ал эми дүйнө жүзү боюнча коронавирусту эң көп адам АКШда жуктуруп, алардын саны - 886 миң 172ни түзөт. Вирусту Испанияда 213 миң 24, Италияда 189 миң 937, Францияда 159 миң 467, Германияда 153 миң 129 , Улуу Британияда 139 миң 246, Түркияда – 101 миң 790, Иранда – 85 миң 996, Кытайда – 83 миң 884 жана Россияда – 68 миң 622 адам жуктурду.

АКШда коронавирусту жуктурган 49 миң 963 адам каза болду. Азырынча аталган өлкө каза болгондордун саны боюнча алдыда турат.

Пикир

Оставить комментарий