• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Европада бекер Wi-Fi түйүндөрү пайда болот

Дүйнө 0

Бишкек, 13.09.17 /Кабар/. Европа биримдиги "wifi4eu" программасынын алкагында өз аймагында акысыз Wi-Fi түйүндөрүн ачууга 120 миллион евро бөлүүдө. Программанын максаты — аз калктуу райондорду интернет менен камсыз кылуу. Бул тууралуу Европарламенттин сайтында жазылган.

Чечимге ылайык, интернетке эркин кирүү мүмкүндүгүн берчү терминалдар 8 миң калктуу конушта, анын ичинде сейил бактарда, ооруканаларда, мектептерде жана коомдук унааларда пайда болот. Алардын ишин муниципалитеттер менен мамлекеттик мекемелер камсыз кылышат.

Евробиримдик зымсыз интернет таркатуу терминалдары 2018-жылдан тарта иштеп баштайт деп болжолдоодо.

Пикир

Оставить комментарий