Фаст-фуд түйүндөрүнүн биринде таттуулардын үстүндө келемиш жүргөнүн тартып алышкан

Коом 0


Бишкек, 03.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Күбөлөр Ош базарына жакын фаст-фуд түйүндөрүнүн биринде азыктар сатылган дүкөндө келемиш жүгүрүп жүргөнүн тартып алышкан.

Видеонун авторлору бул окуя Чүй проспектисиндеги “Берекет Гранд” соода комплексине жакын жерде болгонун билдиришет. “Мир сладостей” кондитердик түйүнүнүн азыктарынын үстүндө келемиш жүгүрүп жүргөнүн тартып алышкан. Чуулгандуу видео кечээ Facebook тармагынын белгилүү топторунун биринде жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий