• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Финансы министрлиги 2 млрд сомду комбанктарга депозитке салууну пландоодо

Экономика 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Финансы министрлиги бюджеттеги убактылуу бош болгон 2 млрд сом көлөмүндөгү каражатты коммерциялык банктарга депозиттик эсепке жайгаштырууну пландоодо. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жайгаштыруу боюнча сунуштар министрликтин конкурстук комиссиясы тарабынан каралат.

Жайгаштырууга каралган акча каражатынын жалпы көлөмү 2 млрд сом, 7 лотко бөлүнгөн, мөөнөтү 10 ай.

Коммерциялык банктарды тандоо конкурсуна катышууга табыштамалар 2023-жылдын 15-февраль, саат 18-00 го чейин кабыл алынат.

Толук маалымат Финансы министрлигинин сайтында.

Пикир

Оставить комментарий