• 87
  • 89.63
  • 0.85

Франкфурт-на-Майне шаарында кыргыз диаспорасынын бизнес-форуму өттү

Коом 0

Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. 7-декабрда Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарында кыргызстандыктардын бизнес-форуму болуп өттү.

Элчиликтен билдиришкендей, иш-чара диаспоранын демилгеси менен кыргызстандыктардын «BIZ» ассоциациясы (Bildung, Integration, Zusammenarbeit – Education, Integration, Cooperation) тарабынан элчиликтин колдоосу менен уюштурулган.

Форумдун негизги максаты Германияда бизнес жүргүзүү боюнча тажрыйба жана пикир алмашууга көмөктөшүү, ошондой эле катышуучуларды ишкердикти өнүктүрүүгө түрткү берүү болгон.

Иш-чаранын жүрүшүндө Германияда жашаган ийгиликтүү кыргызстандык ишкерлер сөз сүйлөштү. Алар өз компанияларын тааныштырып, Германиянын шартында бизнес жүргүзүүнүн шарттары боюнча практикалык кеңештерин айтышты. Баяндамачылар жергиликтүү шарттарга көнүү маселелерине жана Германияда бизнес жүргүзүүнүн өзгөчөлүгүнө өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин Франкфурт-на-Майнедеги өкүлү Германияда кыргызстандык ишкерлердин саны көбөйгөнүн белгилеп, форумдун катышуучуларын Кыргызстандын экономикасына инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырды.

Белгилей кетсек, форумга 180ден ашык кыргызстандык катышты. Иш-чара маданий программа менен коштолду. Келген коноктор үчүн кыргыз даамдары даярдалып, улуттук кийимдер көрсөтүлүп, элдик музыкалык аспаптар жана кыргыз ырлары жаңырды.

Пикир

Оставить комментарий