Кыргызстан – Оман футбол беттеши. КР улуттук курамасынын старттык курамы белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын Оман менен беттешке чыгуучу старттык курамы белгилүү болду.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, бүгүн, 11-июнда Кыргызстан – Оман беттеши өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Улуттук курамалардын мелдеши Омандын борбору Маскат шаарындагы "Султан Кабус" атындагы спорт комплексинде орун алат.

Оюнду түз алып берүү Кыргыз Спорт ТВ жана УТРК Спорт каналдарында да жеткиликтүү болот.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстандын улуттук курамасы 2026-жылкы дүйнө чемпионаты жана 2027-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын экинчи раундунун жыйынтыктоочу туру алкагында Оманга каршы ойнойт.

Аталган квалификациялык оюндар үчүн чүчүкулактын жыйынтыгында 4 командадан турган 9 тайпа түзүлгөн. Кыргызстан, Оман, Малайзия жана кытайлык Тайбэй курамалары "D" тайпасында жайгашкан.

Квалификациянын экинчи раундунун жыйынтыгында ар бир тайпадан эң мыкты эки курама 2027-жылкы Азия кубогуна жолдомо алып, 2026-жылкы дүйнө чемпионатына болгон жолдомого күрөшүн улантат.

5 турдук оюндардын жыйынтыгы боюнча командалардын жайгашуусу төмөндөгүдөй:
1-орун – Оман 12 упай;
2-орун – Кыргызстан 10 упай;
3-орун – Малайзия 7 упай;
4-орун - Тайбэй упай ала элек.

Эскерте кетсек, командалардын упайлары тең чыккан учурда орундар курамалардын мыкты гол айырмачылыгы менен бөлүштүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий