• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Футбол боюнча кийинки дүйнө чемпионаттары кайсы өлкөлөрдө өтө турганы белгилүү болду

Дүйнө 0

Бишкек, 12.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. 2030-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты Испания, Португалия жана Мароккодо, 2034 – жылы Сауд Аравияда өтөт. Мындай чечим Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) конгрессинде кабыл алынды.

Бул өлкөлөр чемпионаттын оюндары үчүн 20 стадионду сунуштоодо. Алардын 11и Испанияда, алтоо — Мароккодо, үчөө — Португалияда жайгашкан. Турнирде бирден оюндар Уругвай, Аргентина жана Парагвайда болот.

ФИФА чемпионаттын бул беттештерин 1930-жылы орун алган тарыхтагы биринчи дүйнөлүк чемпионаттын жүз жылдыгын белгилөө үчүн өткөрүүнү туура көргөн.

Белгилей кетсек, 2026-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты Канада, АКШ жана Мексикада 11-июндан 19-июлга чейин уюштурулат. Оюндар бул мамлекеттердеги 16 шаарда болот. Финалдык бөлүктө 48 курама команда ойной тургандыгы айтылууда.

Эске салсак, 2022-жылы дүйнө чемпионатын быйыл Америка кубогун уткан Аргентинанын курама командасы жеңген. Испания 2024-жылы Германияда өткөн Европа чемпионатынын жеңүүчүсү аталган.

Пикир

Оставить комментарий