• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Футбол: Кыргызстандын жаштар курама командасы Азия кубогуна катышууга жолдомо алды

Спорт 0

Бишкек, 29.09.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Япония менен кез келип, оюн тең чыгуу менен аяктады.

Муну менен кыргыз спортчулары 2025-жылы Кытайда боло турган Азия кубогуна катышууга жолдомо алды. Учурда Кыргызстандын жаштар курама командасы 7 упай менен тайпасында 2-орунда келе жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жаштар курама командасы I тайпада Мьянма, Түркмөнстан жана Япония командалары менен бирге жайгашкан. Турнирдин биринчи турунда кыргыз спортчулары 25-сентябрда Мьянманы 2-0 эсебинде жеңген.
Ал эми 27-сентябрда Түркмөнстандын командасын 1:0 менен уткан.

Тандап алуу оюндарына жалпысынан 10 тайпага бөлүнгөн 45 курама команда катышууда. Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө тайпанын жеңүүчүсү жана тайпада эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунду ээлеген беш курама жолдомо алат.

Пикир

Оставить комментарий