• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Футзал боюнча курама командалар үчүн жайгы лагерь жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук жана жаштар курама командаларынын оюнчулары үчүн жайкы лагердин иши аяктады.

Футзал ассоциациясынан билдиришкендей, бул лагердин өзгөчөлүгү - оюн позициялары боюнча оюнчулар менен жекече иштөө болгон, бардык машыгуулар оюнчулардын жеке чеберчилигин жогорулатууга багытталган.

Лагердин жетекчиси жана футзалды өнүктүрүү боюнча КФСтин техникалык директору Амиржан Муканов лагерь тууралуу: «Жайкы лагердеги машыгуулар абдан жакшы өттү деп ойлойм. Оюнчулар менен машыктыруучулардын ортосунда пайдалуу жана чыгармачыл процесс болду. Машыгуулардын жүрүшүндө тууралоолорду киргиздик , көптөгөн жаш оюнчулар өз позицияларында кээ бир элементтерди аткарууну үйрөнүштү.

Албетте, биринчи машыгууга салыштырмалуу, балдардын чеберчилиги жакшыргандыгы байкалды. Азыр биз жана оюнчулар эмненин үстүндө иштөө керек экендигин жакшы билебиз».

Пикир

Оставить комментарий