• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

2022-жылы кыргызстандыктардын реалдуу акчалай кирешелери 3,2 пайызга өстү

Экономика 0

Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. 2022-жылы калктын реалдуу акчалай кирешелери 3,2 пайызга өстү, деп билдирет Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы.

Ведомствонун маалыматына караганда, Кыргызстандын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2022-жылы 637,1 млрд. сомду түздү жана өткөн жылга салыштырмалуу 17,6 пайызга көбөйдү.

Муну менен катар 2022-жылы калктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү республика боюнча 559,2 млрд. сомду түздү жана өткөн жылга салыштырмалуу 3,2 пайызга өстү.

2022-жылы калктын киши башына алгандагы реалдуу орточо акчалай кирешелери айына 7 396,7 сомду түзүп, өткөн жылга салыштырганда 5,5 пайызга көбөйдү.

2022-жылы милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөрдү кармап калгандан кийинки кирешелер менен мүнөздөлгөн, калктын киши башына бөлүнгөн орточо акчалай кирешелери жалпысынан республика боюнча айына 7 948,4 сомду түздү жана 2021-жылга салыштырмалуу 19,6 пайызга өстү.

Пикир

Оставить комментарий