Бишкек, 24.12.24. /Кабар/. Алай районунун Гүлчө айылына 3 кабаттуу калкты тейлөө борборун куруу пландалууда.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, анын эскиздик долбоору Шаар куруу жана архитектура департаментинин Алай районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан даярдалды.
Учурда долбоор Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жана Гүлчө айыл өкмөтүнө сунушталды.
Пикир
Оставить комментарий