• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чолпон-Атада көл жээгинде жырткычтар тытмалап кеткен белгисиз бирөөнүн сөөгү табылды

Коом 0

Бишкек, 18.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Ысык-Көлдүн жээгинде жергиликтүү тургундар жаныбарлар тытмалап кеткен белгисиз адамдын сөөгүн табышкан. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Сөөк кечээ, 17-январда, Чолпон-Атадагы “Лагуна” эс алуу үйүнө жакын жерде табылган. Аны жырткычтар тиштегилеп кетишкен. Жада калса анын жынысын дагы аныктоо кыйын болуп калган.

Учурда милициядан билдиришкендей, бардык тиешелүү экспертизалар дайындалды. Болжол менен бул адамдын денеси көл жээгинде узак убакыт жатып калган.

Пикир

Оставить комментарий