• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Гайморитти элдик медицина менен дарылоо туура эмес – дарыгер

Маек 0

Дарыгерлер мезгил алмашканда ар кандай оорулар козголорун айтып келишет. Айрыкча туруксуз аба ырайынан улам жарандар кулак-мурун дартына чалдыгып, ага көп маани бере бербейт. Бул ирет "Кабар" маалымат агенттиги Nova Clinic клиникасынын отоларинголог дарыгери Жаңыл Темирбековага гайморит оорусуна байланышкан бир катар суроолорду узатып, алдын алуу, оорунун себептери жана дарылоо жолдору тууралуу маектешти. Дарыгердин айтымында, гайморит өнөкөт ооруга кирбейт, эгерде аны убагында дарылабаса, менингит өңдүү коркунучтуу ооруларга айланып кетүү коркунучу бар.

— Саламатсызбы! Алгач илдеттин өзү тууралуу маалымат берсеңиз, гайморит кандай оору жана ал кантип пайда болот?

Гайморит – бул мурун көңдөйлөрүнүн сезгениши. Оорунун эң негизиги себеби, бул курч респиратордук инфекциялар болуп саналат. Сезгенүү ар кандай инфекциялардан, аллергиядан жана жаракат алуудан пайда болушу мүмкүн. Мындан сырткары, тиш даарылоодо жана жулдурууда дагы бул оору козголушу ыктымал. Анткени, үстүңкү тиштердин тамырлары гаймор көңдөйүнүн астыңкы катмарына жакын жайгашкан.

— Бейтапта гайморит пайда болгонун кантип билсе болот? Анын алгачкы белгилери кандай?

Курч гайморит суук же сасык тумоо учурунда пайда болот. Оору ысытма жана дене табынын көтөрүлүшү, баш оору, бет булчуңдарындагы дискомфорт, мурундун бүтүшү менен коштолот. Дарыланбаса өнөкөт ооруга айланат. Оорунун алгачкы белгилери:

  • мурундун бир тараптуу бүтүүсү;
  • былжырлуу суюктук же ириңдин бөлүнүп чыгуусу;
  • жыт билүүнүн начарлоосу же такыр жоголуусу;
  • баш оору;
  • жаак же чеке көңдөйдүн ооруусу;
  • дене табынын көтөрүлүшү.

— Гаймориттин кандай түрлөрү бар? Алар кандай айырмаланат?

Гаймориттин өнөкөт жана курч түрлөрү бар. Эгерде оору 12 жумага чейин созулса – курч, ал эми 12 жумадан көп болсо, анда оорунун өнөкөт түрүнө өтүп кетет. Мындан сырткары, гайморит этиологиялык түрүнө жараша: вирустук, поствирустук, бактериалдык болуп бөлүнөт.

— Чоңдордо жана балдарда оорунун симптомдору жана дарылоо ыкмаларында айырмачылыктар барбы?

— Чоңдордо жана балдарда оорунун симптомдору жана дарылоо ыкмаларында айырмачылыктар жок. Анткени, чоңдорду дарылоодо дагы, балдарды дарылоодо дагы антибактериалдык терапия, мурунду чайкоо, мурундун шишигин таратуу сыяктуу ыкмаларды колдонобуз. Дарылоодо эч кандай айырмачылык жок.

— Гайморитти өз убагында дарылабаса кесепети кандай болушу мүкүн?

— Гайморитти өз убагында дарылабаса, биринчи кезекте жанындагы органдарга терс таасирин тийгизет. Тазаланбаган ириңдүү гайморит максилярдык гаймориттен ириң орбитанын ичке дубалы аркылуу көздүн орбитасына өтүп кетиши мүмкүн.
Мындан улам төмөндөгү оорулардын пайда болуу ыктымалдыгы бар:

  • көз чарасынын флегмонасы;
  • көз чарасынын абцесеси.

Ошондой эле илдет өрчүшүп кетсе, менингит оорусу пайда болот. Менингит — бул мээнин чел кабыгынын сезгениши. Ал эми бул илдет мээнин абцессине алып келиши мүмкүн. Мындан сырткары, оорунун эң олуттуу түрү бул – сепсис илдети. Ошондуктан сөзсүз түрдө гайморитти өз убагында дарылоо керек.

— Гайморитти элдик медицина менен дарылоо негиздүүбү?

— Гайморитти элдик медицина менен дарылоо туура эмес. Гаймориттин симптомдору байкалса дароо дарыгерге кайрылуу керек. Үй шартында бейтаптар пияздын суусун куюшуп, сарымсакты колдонуп көрүшөт. Мындан сырткары, мурунга куючуу туура эмес препараттарды колдонушат. Мындай ыкма тескерисинче дартты күчөтүп, башка оорулардын чыгышына себепкер болот. Элдик медицина менен дарылоодо эң биринчиден мурундун чел кабыгына терс таасири тийбеши керек. Анткени, бейтаптар үй шартында даарылоо учурунда мурундун чел кабыгын күйгүзүп алышы мүкүн. Мурундун чел кабыгынын күйүшүн кайра даарылоого туура келет.

— Бейтаптарга ооруну дарылоонун кандай натыйжадуу ыкмасын сунуштайт элеңиз?

— Ооруну натыйжалуу даарылоо үчүн биз бир нече методиканы колдонобуз. Эң биринчи кезекте мурундун ичиндеги шишикти таратуу, мурунду чайкоо жана антибактериалдык терапия. Эгерде оору өрчүшүп кетсе анда мурун көңдөйүн тешип (пункция), мурундун ичинде топтолуп калган ириңдерди тазалоого туура келет.

— Мурунду чайкоо аркылуу гайморитти дарылоо: бул канчалык натыйжалуу жана бул ыкманы үй шартында жасоого болобу?

— Мурунду чайкоо гайморитти даарылоодо эң эле натыйжалуу ыкмалардын бири. Мурунду туздуу суу менен чайкаган абдан пайдалуу. Албеттте, бул ыкманы үй шартында жасоого болот. Ал үчүн атайын бейтап күнүнө 3-4 жолу мурунду чайкоо керек болгон атайын препараттар бар. Бирок, сөзсүз түрдө үйдө жана ооруканада мурунду чайкоо ортосундагы айырмачылыктарды түшүнүү керек. Үйдө биз жөн эле мурдубузга туздуу сууну куюп коёбуз, бирок анын башка таноосунан агып жатабы же жокпу, аны өзүбүз аныктай албайбыз. Анан баса белгилеп айта кетчү нерсе, мурун катуу бүтүп жаткан учурда, бул ыкманы колдонууга болбойт. Алгач мурунга атайын тамчыларды кую керек, андан соң гана мурунду туздуу суу менен чайкоого болот.

Маектешкен Акназик Тургунбаева, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий